Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Өспүрүм каза болгон интернаттын директору убактылуу иштен четтетилди


Иллюстрациялык сүрөт. Кабардагы окуяга тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Кабардагы окуяга тиешеси жок.

Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүнүн директору Аскар Масылов өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу убактылуу иштен четтетилди. Бул тууралуу акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева билдирди. Тергөөгө байланыштуу ушундай чара колдонулганын Билим берүү жана илим министрлиги да ырастады.

Балдар үйүнүн 6-классынын окуучусу Игорь Якунин каза болгону Сокулук райондук ички иштер башкармалыгында быйыл 1-июнда катталган. Баланы Кошмо Штаттардагы үй-бүлө асырап алган. Алар жалдаган адвокат өлүмдү иликтөөдөгү мүчүлүштүктөр тууралуу райондук прокуратурага арызданды. Үй-бүлөнүн айтымында, баланын саламаттыгында маселе болгон эмес.

Акыйкатчы тергөөнү Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүү керектигин айтууда. Маркумдун ошол интернатты бүтүргөн бир тууган агасы президентке кайрылып, иниси зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүндүгүн айткан.

Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндө жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат.

Укук коргоочулар тобу мекеменин жетекчилигинин жоопкерчилигин караш керектигин айтып чыгышкан. Балдар үйүнүн жетекчиси, кызматтан убактылуу четтетилген Масылов азырынча комментарий бере элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG