Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Ошто телеоператор Тайыржан Турсуналиев эскерилди


Тайыржан Турсуналиев
Тайыржан Турсуналиев

Ош шаарында маркум телеоператор Тайыржан Турсуналиевди эскерүү кечеси болду. Ага маркумдун жакындары жана замандаштары катышты. Эскерүү кечесинде Тайыржан Турсуналиев жөнүндөгү китептин бетачары да өттү.

Китептин автору Олжобай Бубатаев буларды айтты:

"Бул китепте өмүр таржымалынан да Тайырдын адамдык сапаты көбүрөөк жазылды. Анын журналистикадагы ишмердиги жана анын эмгектери эскерилди", - Бубатаев.

Тайыржан Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо 23-июнда 60 жашка толмок. Ал ондогон журналисттерди жана телеоператорлорду окутуп, тарбиялаган.

"Ынтымак" аймактык телеканалынын алдында медиа мектеп түптөп, журналистер үчүн ар кандай окуу семинарларды өткөргөн. Ал 2014-жылы 13-июнда жүрөгү кармап каза болгон. Көзү өткөндөн кийин анын аты өзү түптөгөн медиа мектепке берилди. Мындан сырткары TMG-телеканалы да Тайыржан Турсуналиевдин атын алып жүрөт. (MrA)

XS
SM
MD
LG