Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Испан өкмөтү каталониялык жикчилерге мунапыс жарыялады


Мунапыска каршы демонстрация. Каталония. 13-июнь, 2021-жыл.
Мунапыска каршы демонстрация. Каталония. 13-июнь, 2021-жыл.

Испаниянын өкмөтү каталониялык жикчилердин бир нече лидерине мунапыс жарыялады. Бул тууралуу премьер-министр Педро Санчес 22-июнда билдирди. Мунапыска илинген тогуз киши 2017-жылы Испаниядан бөлүнүү референдумун өткөргөндөн кийин кесилген.

Ал добуш берүүнү Мадрид жана борбордук бийликтин региондогу тарапташтары мыйзамсыз деп таанып, жикчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгон. Каталонянын эгемендигин ошондо катышкандардын 92 проценти колдогон.

2019-жылы сепаратисттердин лидерлери 9-13 жылга чейин түрмөгө өкүм кылынган.

Премьер Санчес мунапыс диалог түзүүгө жардам берерин айтты. Ал эми айрым саясий күчтөр бул кадамга нааразылыгын билдирип жатышаат.

Мунапыс алгандар мамлекеттик кызматтарды ээлей алышпайт.

Каталониялык партиялар референдумга тиешеси бар бардык саясатчыларга мунапыс жарыялоону, аларга шайлоого катышуу уруксатын берүүнү талап кылышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG