Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

АКШны коронавирустун "дельта" штаммы кооптондурууда


Нью-Йорк шаары
Нью-Йорк шаары

Коронавирустун кооптуу штаммынын тарашына байланыштуу Сидней тургундарына шаардан чыгууга тыюу салды. Калаада "дельта" вариантынын очогу табылгандан бери 30дан ашуун киши вирусту жугузуп алды.

Маалыматка караганда, шаардан эң зарыл иш болсо гана чыга алышат, элдин чогулуусуна бир жумага чектөө киргизилди. Австралия COVID-19 илдетинин жайылышын ооздуктай алган ийгиликтүү өлкөлөрдүн арасына кирет. Пандемия башталгандан бери ал жакта вируска 30 миңден ашык киши чалдыгып, 910 бейтап көз жумду. Бирок эмдөө жай жүрүүдө. 25 миллион калктуу өлкөдө 6,7 миллион доза вакцина сайылды.

Кошмо Штаттардын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору коронавирустун бардык учурларынын 20 проценти Индияда тараган "дельта" штаммына туура келерин билдирди.

Башкы инфекционист Энтони Фаучи Британиядагы сценарий кайталанышы мүмкүн деп эскертти. Вирустун бул варианты өтө жугуштуу болгондуктан, Британияда өзгөчө жаштар арасында ылдам тарап кеткен.

Фаучинин айтымында, азыркы вакциналар “дельтага” каршы эффективдүүлүгүн көргөзүүдө. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, вакциналар бул варианттан башкаларга караганда жакшы коргой албайт деген илимий далилдер бар.
Ошол эле маалда эпидемиологдор коронавируска бардык вакциналар “натыйжалуу” деп айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG