Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Москвада полиция беткап тагынбаган аялга күч колдонду


Москвадагы соода борборлордун бири.

Москванын Куусинен көчөсүндөгү соода борборуна келген аялды полиция беткап тагынбаганы үчүн кармап, ага катуу күч колдонгону тартылган видео тасма интернетке тарады.

ИИМ ал жаран санитардык-эпидемиологиялык эрежени одоно бузуп, аны кармоо маалында полицияга агрессивдүү мамиле кылганын билдирди.

Полицияны соода борбордун кызматкерлери чакырып, аял коюлган талапты аткарбай, тоготпой жатканына даттанышкан.

Видео тасмада полиция кызматкерлери аялды күч менен имараттан чыгарып, аны жерге сүйрөп алып, колуна кишен такканы жана ал өзүн жоготуп койгону тартылган. Бир аздан соң, полиция аны автоунаанын жанындагы асфальтка жаткызганы көрсөтүлгөн.

Кармалган аялдын уулу "Подъем" басылмасына полиция анын апасын "каршылык көрсөттү" деген негиз менен 15 суткага камоо боюнча административдик иш козгоп, бирок интернеттеги коомдук резонанстан соң коё бергенин маалымдады.

Аялдын жакындары күнөөсүз адамга карата күч колдонгону үчүн полицияга кылмыш ишин ачуу үчүн арыз даярдап жатканы айтылды.

Москвада 28-июндан тарта ишканаларда жумушчулардын кеминде 30% аралыктан иштөөгө милдеттендирген чектөө кайра күчүнө кирди. Мындай жарлыкты Москванын мэри Сергей Собянин чыгарды.

Орусияда соңку суткаларда 20 миңден ашуун киши коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG