Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

"Мунабия" тасмасы Британияда өткөн фестивалда баш байгени багындырды


"Мунабия" тасмасы.
"Мунабия" тасмасы.

Лондондо өткөн кинофестивалда "Мунабия" тасмасы баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Аталган тасма Eurasian Creative Guild эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип, "Эң мыкты көркөм фильм" наамына татыган.

"Мунабия" тасмасы белгилүү жазуучу Казат Акматовдун чыгармасынын негизинде тартылган. Тасмада Мунабия аттуу каармандын сүйүүсү үчүн күрөшкөнү баяндалат. Аталган каармандын тасмадагы жаш чагын Мээрим Атантаева, орто жаштагы ролун Гүлзинат Суранчиева ойногон.

Эске салсак, "Мунабия" тасмасы 2018-жылы Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок-2018" фестивалында баш байгени жана "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG