Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Коронавирустан 10 киши каза болду, 1092 кишиден жаңы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы суткада коронавирустан 10 киши каза болду, 1092 кишиден жаңы аныкталды. Бул сандар былтыркы август айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Вирустан каза болгондордун төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө, экөө Талас менен Жалал-Абад облустарында катталды. Муну менен коронавирустун курмандыктары 1992 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-июндагы маалыматына ылайык, соңку суткада 558 киши сакайды.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 123 038 киши вирус жугузуп алды, анын 109 511и сакайды.

Ушул күндөрү 10 457 киши COVID-19 менен алышып жатат. Анын 3 209у ооруканаларда 7 248и үй шартында дарыланууда. Ооруп жаткандардын ичинен 409 бейтаптын абалы өтө оор. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG