Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Бишкекке келди


Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар, Бишкек, 28-июнь 2021-жыл.
Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар, Бишкек, 28-июнь 2021-жыл.

28-июнда түрк коргоо министри Хулуси Акар баштаган делегация Кыргызстанга келди. Бул расмий иш сапар тууралуу Түркиянын жана Кыргызстандын Коргоо министрликтери кабарлашты.

28-29-июнга белгиленген бул сапардын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуу өтөрү кабарланды. Анда эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө маселелер талкууланат.

Ошондой эле Акар “Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барат.

Буга чейин Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турганы кабарланган. Бул маселе президент Садыр Жапаровдун 9-июндагы Анкара сапарынын алкагында макулдашылганын тышкы иштер Руслан Казакбаев билдирген. Бирок анда Анкара аскердик тармакта кандай жардам көрсөтө турганы так айтылган эмес.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин көпчүлүк кыргыз бийлигин Түркиядан аскердик жардам алууга үндөп келген. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG