Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34

Дүйшөмбү: кыргыз-тажик президенттеринин жолугушуусу башталды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Бүгүн, 29-июнда Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду. Иш-чара Дүйшөмбүдөгү “Улут сарайында” өтүп жатат.

Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен кечээ, 28-июнда барды. Ушул эле күнү кечинде эки президенттин бейрасмий жолугушуусу болгон.

28-29-июнга белгиленген сапардын алкагында Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселесин да талкуулашат.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG