Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Самидин Атабаев Бишкектин казысы болуп дайындалды


Самидин Атабаев.
Самидин Атабаев.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Замир Ракиев Самидин Атабаевди Бишкек шаарынын казысы кызматына дайындады. Ал буга чейин 2015-жылдан бери Ош облусунун казысы болуп иштеп келген.

Муфтият тараткан маалыматка ылайык, Атабаев диний жогорку билимди Бишкектеги Ислам институтунан алган.

Бишкектин ага чейинки казысы Замир Ракиев 26-июнда Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайында муфтий болуп шайланган.

Быйыл февралда Улутутк коопсуздук комитети ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Көп өтпөй Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын канааттандырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG