Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

ЕБ Беларустун кызматташтыкты токтотуу чечимин сындады


Европа Биримдиги Беларустун шаркет менен алаканы толугу менен токтотуу чечимин сынга алды. Еврокеңештин президенти Шарль Мишель бул чечимди айыптап, “акыркы кырдаал беларус элине терс таасирин тийгизип, бир катар мүмкүнчүлүктөрдөн куру калтырат” деген оюн билдирди.

Минск бир күн мурда Евробиримдиктин «Чыгыш өнөктөштүгү» демилгесине катышуусун токтотуп, шаркеттеги туруктуу өкүлүн кеңешүү үчүн Беларуска чакыртып алды. Бул чаралар Евробиримдиктин санкцияларына жооп экени айтылды.

Өткөн аптада Евробиримдик Беларустагы 78 адамга жана сегиз мекеме-уюмга санкциялык тизмеге киргизген. Ага мыйзам чыгаруучулар, прокурорлор, соттор жана башка кызмат адамдар кирген. Мындай чара Беларустун соңку жылдардагы демократиячыл активисттерге куугунтук жана оппозициячыл журналист Роман Протасевичти камакка алганына байланыштуу кабыл алынган.

Литвада баш калкалап келген активист Роман Протасевич 23-майда сүйлөшкөн кызы София Сапега менен чогуу Ryanair авиакомпаниясынын учагы менен Афиныдан Вилньюска учуп чыккан. Учак Беларустан Литванын аба мейкиндигине кирерге аз калганда "бортто бомба бар" деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда күчтөп Минскиге кондурулган жана борттогу Протасевич менен Сапега камакка алынган. Беларус бийлигинин бул кадамы Евробиримдик сыяктуу эл аралык уюмдардын кескин сынына кабылган.

Протасевич жана Сапега өткөн аптада үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG