Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

Израилдин башкы дипломаты БАЭге алгач ирет сапар менен келди


Яир Лапид
Яир Лапид

Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид тарыхта алгакы жолу Бириккен Араб Эмираттарына сапар менен келди. Бул эки өлкө АКШнын арачылыгы менен өткөн жылы дипломатиялык алака түзүшкөн эле.

Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамиледен сырткары Ирандын саясатына байланыштуу коркунучтар жөнүндө сөз болот. Эки мамлекет тең расмий Тегерандын саясаты Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук үчүн коркунуч жаратат деген пикирде.

Израилдин тышкы иштер министри Абу-Дабидеги өз өлкөсүнүн элчилиги жана Дубайдагы консулдуктун ачылышына катышат.

Яир Лапид “Еш Атид” партиясынын лидери. Ал тышкы иштер министри болуп ушул айдын башында Изриалде жаңы коалициялык өкмөттүн курамында келди. Учурдагы премьер-министр Нафтали Беннет менен келишимге ылайык, Лапид эки жылдан соң өкмөттүн башына келиши керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG