Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Литва мигранттардын агымынан улам өзгөчө кырдаал жарыялады


Беларус менен Литва ортосундагы чек ара.
Беларус менен Литва ортосундагы чек ара.

Литва өкмөтү беларус-литва чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн мигранттардын агымына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаганын LRT кабарлады. Акыркы суткада эле литвалык чек арачылар коңшу өлкөдөн өтүп келген 150 кишини кармады. Бул мурунку күндөргө салыштырганда үч эсеге көп.

Ички иштер министри Агне Билотайте бул жерде маселе бийликтин кырдаалды жөнгө сала албай жаткандыгында эмес деп айтты. Системаны өзгөчө кырдаал режимине өткөрүү - чек арада шашылыш чараларды көрүүдө, ошондой эле буга чейин келгендерди жайгаштырууда чиновниктердин укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Мигранттарды жайгаштыруу үчүн 835 орун дарярдалса, азыркы тапта анын 500 оруну толду. Бул жылы Литвага беларус чек арасы аркылуу 800 мигрант мыйзамсыз өтүп келген. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырганда он эсеге көп. Кеп бул жерде Азия жана Түндүк, Чыгыш Африкадан, негизинен Ирактан келген мусулман качкындары тууралуу жүрүүдө.

Вильнюс Европа Биримдигине кирүүнү көздөгөн мигранттар үчүн транзитти Минск атайын уюштурган деп айыптады. Бул Евробиримдик менен расмий Минск ортосундагы мамилелер кескин курчуп кеткен кырдаалда болуп жатат. Июндун соңунда президент Александр Лукашенко ЕБнын мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча өтүнүчүн аткарууга шашылбай тургандыгын билдирген эле. Ал муну "Батыштын Беларустун ишине кийлигишүүсү" себеп болгону менен түшүндүргөн.

Литванын тышкы иштер министри Габреалис Ландсбергис беларус бийлигин Ирактан жана Сириядан келген мигранттарды Европага каршы гибриддик курал катары колдонуу максатында атайын чек арага жөнөтө баштады деп айыптады. Министр Литва бийлигинин беларус оппозициясына саясий башпаанек берүүгө ачык болуп келгенин, ошондуктан Минск тарабынан өч алуу болуп жатканын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG