Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Ташкентте кайрадан COVID-борборлор ачылууда


Ташкенттеги Сovid-борборлорунун бири.
Ташкенттеги Сovid-борборлорунун бири.

Эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетишине байланыштуу Өзбекстан башкалаасында кайрадан COVID-борборлор ачылууда.

Ташкент мэриясынын басма сөз кызматы жарыялаган видеодо башкалаа жетекчиси Жахонгир Артыкхожаев “Жаштык” спорт комплексинде ачылган COVID-борборлордун бирине барганын көрүүгө болот. Жергиликтүү басылмалар мындай борборлор “Узэкспоборбор” жарманке комплексинде жана “Узниверсал” спорт жайында ачылганын жазды. Бул үч жайда 2000 бейтапка орун даярдалууда.

Өзбекстанда COVID-борборлор өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында коронавирустун тарашы басаңдагандан кийин жабылган эле. Апрелде айрым жерлерде вирус жуктургандар саны кескин көбөйүп, кайрадан ачууга мажбур болушту.

Акыркы апталарда өлкөдө вирус жуктуруп алгандар саны тездик менен өсүүдө. Өткөн аптада эле Инновация министрлигинин өкүлү коронавирустун коркунучтуу жана тез жайылган “Дельта” штаммы аныкталганын билдирди. Анын артынан эле 28-июндан тарта карантин чараларын күчөтүү тууралуу расмий чечим кабыл алынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG