Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Парламентте Кыргызстандын Түркиядагы элчисине сын айтылды


Кубанычбек Өмүралиев.
Кубанычбек Өмүралиев.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевге карата сын-пикирлер айтылды.

Депутат Шайлообек Атазов тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевге элчинин жоопкерчилигин кароо керектигин айтты.

"Анкарада бир топ маданий иш чаралар болот. Ага кыргызстандык элчи катышпайт экен. Түркия бийлиги уюштурган иш чараларга барбай жатат. Элчинин жоопкерчилигин кароо зарыл. Түркиядагы кыргыздар элчиликтен жардам көрбөй жатканын айтышты", - деди Атазов.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Түркиядагы элчиге Израилдеги дипломатиялык иштерди да кошумча тапшыруу боюнча комитетке сунуш менен кайрылган эле.

Кубанычбек Өмүралиев 2019-жылдын март айынан бери Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келе жатат. Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык жаран расмий каттоого алынган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG