Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Чек ара аймактарында жарандарга курал берүү мыйзам долбоору 1-окуудан өттү


Кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлер. Баткен. Май, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлер. Баткен. Май, 2021-жыл.

Кыргызстандын чек ара аймактарындагы жарандарга атайын даярдыктан өткөрүү менен курал колдонууга уруксат берген мыйзам долбоору 1-окуудан өттү.

Жакынкы күндөрү 2-3-окууга киргизилмекчи. Авторлордун бири, КСДП фракциясынын мүчөсү Абдывахап Нурбаевдин "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөндөн кийин дагы өзгөртүүлөр сунушталууда:

"Мыйзам долбоору профилдүү комитетте жана пленардык отурумда 1-окуудан өттү. Бир катар өзгөртүүлөр сунушталды. Ага ылайык, айрым өзгөртүүлөр кирет. Мисалы, биздин долбоордо "чек ара аймактарындагы ыйгарым укуктуу жарандарга курал Чек ара кызматынын жетекчисинин буйругу менен берилет" деп жазылган. Бул "чек ара бүтүндүгүнө коркунуч келтирилген учурда курал берилет" деп өзгөртүлүшү ыктымал. Дагы бир-эки өзгөртүүлөр киргизилет".

"Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдаган депутаттар "ыйгарым укуктуу жарандарга" кошумча укуктар жана кепилдиктер да берилүүсү зарылдыгын белгилешкен. Ага ылайык, "ыйгарым укуктуу жарандар" жылына эки жолудан кем эмес атайын окуудан, аскердик даярдыктан өткөрүлөт. Мындан тышкары алардын өмүрүн, саламаттыгын камсыздоого мамлекеттик кепилдик берилет.

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу учурунда “өлкө бүтүндүгүнө коркунуч туудурган окуяга күбө болдук” деп, кыргыз армиясында реформа башталарын жарыялаган. Ал реформанын бир багыты катары чек ара аймактарында элдик кошуундарды түзүүнү атаган.

Быйыл 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG