Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Грузияда ЛГБТ-активисттердин прайд-жүрүшү болбой калды


Чабуулга кабылган журналисттер Дато Коридзе жана Торнике Мандария. Тбилиси. 5-июль, 2021-жыл.
Чабуулга кабылган журналисттер Дато Коридзе жана Торнике Мандария. Тбилиси. 5-июль, 2021-жыл.

Ультраконсервативдүү жана радикалдык кыймылдын мүчөлөрүнүн чабуулунан кийин, 5-июлда өтө турган прайд-жүрүш токтотулду. Жүрүшкө бийлик менен чиркөө да каршылыгын билдирген.
Жүздөгөн адамдар Тбилисинин көчөлөрүнө чыгып, 50 чакты журналистке кол салышты. Алардын ичинде "Азаттыктын" грузин кызматынын кабарчысы да бар.

Радикалдык кыймылдын мүчөлөрү Tbilisi Pride уюмунун кеңсесине кирип, желектерди жыртып, тоноп кетишкени тасмага түшкөн.

"Тбилиси Прайд" өкмөт менен чиркөөнү "жек көрүүнү тутантып, чагым кылды" деп айыптады. Жүрүш болордон мурдараак премьер-министр Ираклий Гарибашвили "жүрүш грузин коомчулугунун басымдуу бөлүгүнө туура келбейт" деп билдирген. Өлкөдөгү православ чиркөөсү да прайд-жүрүштү болтурбоого чакырган.

Европа Биримдиги, АКШнын жана башка 16 өлкөнүн дипломаттык өкүлчүлүктөрү грузин бийлигин жарандардын тынч чогулуу эркиндигин камсыздап берүүгө чакырышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG