Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Ташиев: июнь окуясына катышы бар кишилер аныкталууда


Ош шаарындагы аскерлер. 20-июнь, 2010-жыл.
Ош шаарындагы аскерлер. 20-июнь, 2010-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иликтенип жаткан иш жөнүндө суроого учкай жооп берди. Ташиев учурда коогалаңга тийиштүү кишилер аныкталып жатканын айтты.

“Иш тергелип жатат. Катышы бар кишилер аныкталып жатат. Жакында жыйынтыгын айтабыз”.

УКМК 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишин кайра тергей баштаган. Атайын кызмат кайра тергөө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталганын 16-апрелде билдирген.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, жүздөгөн адам каза болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG