Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Чек ара кызматы: Тажикстанда бир кыргыз жоокери кармалып турат


Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу.
Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу.

Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү, 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо (Чашмагильдан ашуусу) аймагында Тажикстандын чек арачылары бир кыргыз аскерин кармап, өз аймагына алып кетишкенин маалымдады.

“Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан жаңжал учурунда кармалган жоокерди кайтарып берүүнү талап кылууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү окуя болгон жерде жаңжалды иликтөөдө. Сүйлөшүү жүрүп жатат.

Буга чейин Чек ара кызматы Кыргызстандан бир аскер кызматкери каза болгонун билдирген.

“Тажикстандын чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хажиев курман болду. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилүүдө”.

Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз берген деп жазды. Кыргыз тарап жаңжалга тажик чек арачылары себепкер болгонун маалымдады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG