Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Венгрия Сербиянын Евробиримдикке мүчө болушун колдойт


Венгрянын премьер-министри Виктор Орбан жана Сербиянын президенти Александр Вучич
Венгрянын премьер-министри Виктор Орбан жана Сербиянын президенти Александр Вучич

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Сербиянын Евробиримдикке мүчө болуу саясатын колдорун жарыялады. Ал Белградга сапарынын жүрүшүндө Сербияны Евробиримдикке кошумча "жаңы дем" болот деп билдирди. 8-июлда Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолугушкан соң венгр премьери Евробиримдик жаңы мүчөлөр менен кеңейбесе өнүкпөй, таркап кетүү коркунучу бар экенин кошумчалады.

“Мен Сербиянын Евробиримдикке мүчө болушун колдойм, бул өлкөнүн артында Батыш Балканы турат”, - деди Орбан.

Сербия Батыш Балкан деп аталган алты өлкө ичинен калкынын саны көп, ири мамлекет. Мурдагы Югославиянын курамындагы Босния жана Герцеговина, Косово, Монтенегро (Черногория), Түндүк Македония, Сербия жана Албания Евробиримдикке мүчө эмес.

Улутчул маанайдагы популист саясатчылар саналган Орбан менен Вучичти демократиялык баалуулуктардан тайып, Орусия менен жакын мамилеси үчүн Брюсселде сындап келишет.

Белграддагы жолугушууда Александр Вучич Виктор Орбанды аймактагы туруктуулукту сактоого салымы чоң экенин белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG