Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Талибдер ооган-иран чек арасындагы бекетти басып алышты


Ооганстан менен Ирандын чек арасындагы "Ислам-Кала" бекети
Ооганстан менен Ирандын чек арасындагы "Ислам-Кала" бекети

"Талибан" кыймылы Ооганстан менен Ирандын чек арасындагы "Ислам-Кала" бекетин ээлеп алышты. Өлкөнүн батышындагы Гераттагы бажы бөлүмүнүн башчысы Нурахмад Мухаммади "Азаттыктын" ооган кызматына аталган бекетти талибдер 8-июлда өкмөттүк аскерлер менен салгылыштан соң басып алганын айтты. Айрым ооган чек арачылары Ирандын аймагына өтө качканы кабарланды.

8-июлда өкмөттүк күчтөр жайкын адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн аймактагы Зиндажан жана Кушки-Кухна райондорун таштап кетүүгө аргасыз болгонун жарыялаган. "Талибан" бул эки район тең көзөмөлүнө өткөнүн ырастады. Учурда Гераттагы 19 райондун төртөөнү гана өкмөттүк аскерлер көзөмөлдөп жатат.

"Талибан" кыймылы соңку айларда өз позициясын бекемдеп, өлкөнүн бир нече районун ээлегенин жарыялады. Мындай кырдаал ооган жергесинен АКШ баштаган коалициялык күчтөр чыгарылган учурга туш келди. Буга чейин эки миңге жакын өкмөттүк аскер талибдер менен салгылаштан соң Тажикстандын аймагына кире качкан.

Учурда Ооганстандын борбордук бийлиги соңку чегинүүлөрдү тактикалык жүрүш деп атап, колдон чыгарган аймактарга контрчабуул жасаларын убада кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG