Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жөнүндө китеп чыкты


Осмонакун Ибраимовдун жаңы китеби жарык көрдү.
Осмонакун Ибраимовдун жаңы китеби жарык көрдү.

Алгачкы кыргыз мамлекети, гунндар менен кыргыздардын жакындыгы, Улуу кыргыз каганаты жана анын тарыхы, Кокон жана кыргыздар, орус колониализми, совет доору, эгемендик мезгилдеги тарых жөнүндө китеп жарык көрдү. Китеп орус тилинде жазылган. Анын аталышы - "Кыргыз мамлекетинин байыркыдан ушул күнгө чейинки жалпы тарыхы". Автор Осмонакун Ибраимов китеп азыр 100 нускада басылганын, жакында дагы миң нуска менен чыгарын билдирди.

“Эгемендиктин 30 жылдыгына карата чыгып калсын деп үч жыл эмгектендим эле, мына эми ошол аракетимдин жыйынтыгы монография түрүндө жарык көрүп отурат”, - деди Ибраимов .

Китеп 550 бет, 44 бөлүмдөн турат жана ага жүздөн ашуун илимий булактар, эмгектер, архивдик материалдар пайдаланылган. Китепти Кыргыз–Орус Славян университети чыгарды.

Быйыл 31-августта эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG