Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:37

Европарламент Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарын бойкоттоого чакырды


Уйгур аялдар Шинжаңдагы блокпосттогу текшерүүдөн өтүп жатат

Европарламент Евробиримдиктин мүчөлөрүн Кытайдагы адам укуктарынын бузулушунан улам 2022-жылдагы Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарын бойкоттоого чакырган резолюция кабыл алды.

Милдеттүү түрдө аткарууга жатпаган документти парламенттин 578 депутаты колдосо, 29 депутат “каршы”, 73ү “калыс” деген добуш берди.

Резолюцияда Кытай Гонконг, Шинжаң-Уйгур автоном району, Тибет жана Ички Монголияда адам укуктары жаатындагы абалды оңдобосо, ЕБдин институттарын жана мүчө өлкөлөрдү Олимп оюндарына чакыруусун кабыл албоого чакырды.

Бельгиянын парламенти Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаңда уйгур, казак жана башка мусулман жамааттарын “геноцид кылуу коркунучу бар” деген резолюция кабыл алынган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" аттыккан жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланддар, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Бирок Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG