Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Шайлоо: үч шаарда саат экиге чейин 105 миңден көп адам добуш берди


Ошто саат экиге карата шайлоочулардын 26,65 пайызы добуш берди.
Ошто саат экиге карата шайлоочулардын 26,65 пайызы добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы саат экиге карата үч шаардагы кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 17,06%, тактап айтканда, 105 363 адам катышканын билдирди. Алдын ала эсепке ылайык, Бишкекте 55 515 (13,01%), Ошто 40 695 (26,65%), ал эми Токмокто 9 152 ( 24,02%) шайлоочу келди.

Үч шаардагы кайра шайлоого 26 партиядан 2200дөн көп талапкер катышып жатат.

БШКнын эсебине караганда, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилген. Бишкекте 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.​

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG