Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Өкмөт Аксыда селде жабыркагандарга жардам берет


Маалыматка караганда, көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.
Маалыматка караганда, көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырды. Ал кырсыкта мерт болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду. Дагы эки адам изделип жатат.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында эки бала да бар. Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат. Маалыматка караганда, көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG