Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Грузияда ур-токмоктон өлгөн оператордун сөөгү жерге берилет


Georgia -- Lekso Lashkarava video screenshot
Georgia -- Lekso Lashkarava video screenshot

ЛГБТ жүрүшүнө каршылардын ур-токмогуна кабылган телеоператор Лексо Лашкараванын сөөгү 13-июлда жерге берилет. Анын өлүмү Грузияда бийликтин отставкасын талап кылган демонстрациялардын башталышына түрткү болду.

«Пирвели» телеканалынын операторунун сөөгү 11-июлда өз үйүнөн табылган. Бир нече күн мурда аны Тблисиде ЛГБТ коомчулугунун жүрүшүн чагылдырып жатканда гомофобдор сабап кетишкен.

Лашкараванын өлүмүнө байланыштуу эки күндөн бери Грузияда миңдеген адам нааразылык акциясына чыгып жатат. Алар оператордун өлүмү үчүн бийликти күнөөлөп, борбордогу Шота Руставели аянтында болгон окуялар үчүн жетиштүү чара көрбөгөнүн айтышууда.

37 жаштагы Лашкаравадан башка маалымат каражаттарынын элүүдөй кызматкери ур-токмокко кабылган. Алардын арасында «Азаттык» радиосунун грузин кызматынын эки кабарчысы да болгон.

12-июлда Грузия парламентинин жыйынына оппозициячыл журналисттер кирип барып үзгүлтүккө учуратышты. Андан соң бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы менен оппозициядагы партиялардын өкүлдөрү мушташа кетти.

Жыйырмага чукул мамлекеттердин дипломатиялык миссиялары зомбулукту айыптап, Грузия бийлигин адам укуктарын коргоого чакырды.

XS
SM
MD
LG