Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

ДССУ: Коронавирус жуккандар жана каза болгондор көбөйүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктурган жана каза болгондор көбөйүп жатканын билдирди. Буга вакцинациянын жайлашы, беткап тагынуу сыяктуу алдын-алуу эрежелеринин начарлашы жана “дельта” түрүнүн тез жайылышы себеп болууда. Вирустан каза болгондор тогуз жумадай азайган соң өткөн аптадан тарта кайра көбөйүп, үч пайызга өстү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирус жуктургандардын саны да 10 пайызга өсүп, Бразилия, Индия, Индонезия жана Британияда көп катталып жатканын маалымдады.

Соңку учурда эң жугуштуу саналган коронавирустун “дельта” варианты 111 өлкөдө аныкталды. Жакынкы мезгилде вирустун бул түрү дүйнөдө басымдуулук кылышы мүмкүн.

Акыркы күндөрдөгү коронавирустун жайылышынан Аргентинада коронавирустун курмандыктарынын саны 100 миңден ашты, Орусияда каза болгондордун бир күндүк көрсөткүчү рекорддук чекке жетти. Ал эми Британияда болсо алты айдан бери алгачкы жолу бир суткада вирус жугузгандардын саны 40 миңден ашты.

Индонезияда вирустан каза болгондордун сөөгүн жашыруу үчүн адамдар мүрзөлөрдү казууга катышып жатса, Бирмада крематорийлер күнү-түнү иштеп жатат.

Австралиянын Сидней шаары июлдун соңуна чейин карантинге жабылды. Ал эми Испанияда түнкү коменданттык саат жарыяланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG