Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

АКШ террорчулукка каршы күрөштө көмөктөшкөн оогандыктарга башкалка берет


Ооганстандан качкан адамдар Пакистан менен чек арада
Ооганстандан качкан адамдар Пакистан менен чек арада

АКШ июлдун аягынан тарта Ооганстандагы 20 жылдык терроризмге каршы операциялары учурунда көмөктөшкөн оогандыктарды эвакуациялоо планын ишке ашыра баштайт.

14-июлда АКШ "Өнөктөштөр үчүн башкалка" аттуу операцияны жарыялады. Ага ылайык, атайын иммиграциялык виза алгандар биринчилерден болуп Ооганстандан чыгарылат. Ошондой эле, виза үчүн документ тапшыргандарга убактылуу башка жактан башкалка берилет. Ак Үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки коопсуздук маселелеринен улам алгачкы рейстер менен канча адам чыгарыларын, кайда жөнөтүлөрүн ачык айткан жок.

Президент Жо Байдендин администрациясы визага документ тапшырып, бирок аны ала элек оогандыктар убактылуу башкалкалап турчу үчүнчү өлкөнү ачык жарыялай элек. Пентогандун расмий өкүлү Жон Кирби бул үчүн бир нече өлкө караштырылып жатканын, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин билдирди.

АКШ аларга көмөктөшкөн оогандыктар америкалык аскерлер чыгарылган соң "Талибандын" согушкерлеринин зомбулугуна туш болот деп чочулап жатат.

Ушул жылдын май айынан тарта АКШ баш болгон коалициялык күчтөр аскерлерин Ооганстандан чыгарып жатат. Соңку апталарда талибдер Ооганстандагы бир нече аймакты басып алганы кабарланды. Мындай кырдаалдан улам коалициялык күчтөр ооган жергесинен толугу менен чыгарылган соң Батыш колдогон Ооганстандын учурдагы өкмөтү кулап калбайбы деген коркунучтар айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG