Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Беларус: тинтүү учурунда онго жакын адам кармалды


"Весна" укук коргоо уюмунун кеңсеси
"Весна" укук коргоо уюмунун кеңсеси

Беларус милициясы өлкөдөгү бир катар укук коргоо уюмдары, маалымат каражаттарынын кеңселерине тинтүү жүргүздү. 14-июлда өлкө борбору Минск жана башка шаарлардагы “Весна” укук коргоо борбору, Беларус Хельсинк комитети баш болгон 20га жакын бейөкмөт уюмдун кеңсесин тинтиген. Алардын арасында Lawtrend укук коргоо уюму, “Имена” долбоору, “Гендердик перспективалар” уюму, Беларус журналисттер бирикмеси, Жазуучулар союзунун кеңселери бар. Тинтүүнүн жүрүшүндө онго жакын адам кармалды.

Беларус бийлиги өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттары менен укук коргоо уюмдарына басым кылып, көпчүлүгүн жапкан.

"Весна" уюму постсоветтик аймактагы эң ири укук коргоо уюмдарынын бири. Беларустагы саясий куугунтуктар жана кармоолор боюнча көз карандысыз маалыматты ушул уюм таратып келет.

Аталган уюмдун адвокаты Владимир Лабкович милиция кызматкерлери үйүн тинтигенин билдирсе, уюмдун жетекчиси Алесь Беляцкийдин жубайы күйөөсү менен байланыша албай жатканын айтып чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG