Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Бишкек ЖЭБине Казакстандан көмүр ташыла баштады


Бишкек ЖЭБ. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек ЖЭБ. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек жылуулук электр борборуна 2021-2022-жылдагы кышкы сезонго карата көмүрдүн алгачкы бөлүгү алып келинди. "Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, 25 вагон көмүр Казакстандын Кара-Жыра кенинен алынган.

Жалпысынан келишим боюнча Бишкек ЖЭБине Кара-Жырадан 643 миң тонна көмүр алып келинет.

"Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева "Азаттыкка" билдиргендей, Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу быйыл көмүрдүн көлөмүн көбөйтүү маселеси каралууда.

Кыргызстан керектеген көмүрдүн теңи Кара-Кечеден казылат. Бишкек ЖЭБи жылына 1 миллиондон ашык көмүр керектейт жана анын жарымынан ашыгын 680 миң тоннасын Кара-Кече камсыздайт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG