Германиянын батышындагы суу ташкындан каза болгондордун саны 133 адамга жетти. Полиция Рейнланд-Пфальц аймагында 90дон ашуун киши өлгөнүн, 620 адам түрдүү жаракат алганын билдирди.
"Немис толкуну" маалымдагандай, Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында 43 адам көз жумган. Бийлик каза болгондор дагы көбөйүшү ыктымалдыгын кабарлады.
Кырсыктан эки күн өтсө да дайынсыз жоголгондор катталып жатат.
Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Куткаруу иштерине атайын техникадан тышкары полиция, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү элден жүздөгөн ыктыярчылар тартылган.
Европанын батышындагы бир нече мамлекетте эки-үч күн катары менен тынбай жааган жамгырдан улам дарыялар нугунан ашып, калктуу конуштарды каптады. Жолдор бузулуп, айрым аймактарга каттамдар токтоду. Интернет жана мобилдик байланыш үзүлгөн.
Белгияда суу ташкындын кесепетинен 20 адам каза болгону кабарланды.