Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Тажикстан: бычак жеп каза болгон келиндин жакындары ИИМге кайрылышты


Манора Абдуфатток.
Манора Абдуфатток.

Тажикстандын Файзабад райондук прокуратурасы денесинин 26 жерине бычак сайылган Манора Абдуфаттоктун өлүмүн "өзүн-өзү өлтүрүү" деп атап, "Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. "Озоди" радиосу маалымдагандай, келиндин сөөгү 22-июнда ал жашаган батирден табылган.

Прокуратура өкүлү билдиргендей, суицид тууралуу корутунду экспертизанын жыйынтыгынан улам чыгарылган.

"Иш факты боюнча козголду. Эгер аны өзүн өлтүрүүгө кимдир-бирөө жеткирген болсо, ал да жоопко тартылат. Азырынча шектүүлөр бар, бирок эч кимге айып таккан жокпуз",-деди ал.

Маалыматка ылайык, суицид тууралуу корутунду менен келиндин жакындары макул эмес. Алар 17-июлда Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кайрылып, ишти адилет иликтөөгө чакырышты.
Маноранын атасы Абдуфаттох Мисоков ал өзүнө 26 жолу бычак сайганына ишене албасын билдирип, сөөктү кайрадан экспертизадан өткөрүүнү талап кылууда.
Апасы кызын күйөөсү дайыма "талак" менен коркутуп келгенин кабарчыларга билдирди. Маркумдун кайын журту журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.

Окуя Манора балдары менен күйөөсүнүн үйүнөн батирге чыгып кеткенден кийин болгон. Келиндин үч баласы ашканада отурушкан. Кошуналары эч кандай ызы-чуу угушпаганын, бирок ошол күнү келиндин кайындары батирге кирип баратышканын көргөнүн айтып беришти.

Маркум 2015-жылы күйөөгө чыккан, артында үч баласы калды. Улуусу беш жашта, кичүү уулу алты айлык.

Эксперттер Тажикстанда келиндердин өлүмү же өз жанын кыйышы негизинен үй-бүлөлүк зомбулуктан улам болорун айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG