Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

COVID-19: дагы он киши кайтыш болду, 1373 жаңы учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.


Коронавируска каршы штабдын 18-июлга карата берген маалыматы боюнча, 1373 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Басымдуу бөлүгү борбор калаада.

Бишкек - 832
Ош шаары - 45
Чүй облусу – 163
Ош облусу – 57
Талас облусу - 25
Нарын облусу - 23
Ысык-Көл облусу – 52
Жалал-Абад облусу – 57
Баткен облусу - 119.

Ал эми бир сутка ичинде 1103 адам сакайды.

Акыркы суткада коронавирус илдетинин кесепетинен 10 киши көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө, Баткен жана Нарында бирден адам катталды.

Ушуну менен пандемия башталган былтыркы март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 149029 адамга жетти. Оорудан жалпы 125 161киши сакайып кетти. Илдеттен жалпы 2 175 адам көз жумду.

Ушул тапта стационардык мекемелерде 4 725 адам дарыланууда. 15 753 киши медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ооруканада жаткандардын ичинен 1473 адамдын абалы оор, 200 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG