Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Акыркы суткада 26 010 адам коронавируска каршы эмделди


COVID-19 вирусуна каршы эмдөө учуру. Бишкек. Май, 2021-жыл.
COVID-19 вирусуна каршы эмдөө учуру. Бишкек. Май, 2021-жыл.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, акыркы суткада 26 010 адам коронавируска каршы эмделди. Анын 2 397си вакцинанын экинчи дозасын алды.

Жалпы өлкө боюнча коронавируска каршы вакцинанын 2-дозасын 93 723 адам алса, биринчи дозасын 202 302 киши алды.

Кыргызстанга 11-июлда Кытайдан 1 млн. 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келди. Ошондон тарта өлкөдө массалык эмдөө жүрүп, 82 771 адам вакцина алды.

Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан да Sputnik-V вакцинаcын алган. 16-июлда Азербайжан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын гумжардам катары берди.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган.
Вакцина акысыз, аны 18 жаштан өткөн бардык жарандар алса болот. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG