Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Аксыда сел агызып кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды


Куткаруучулар.
Куткаруучулар.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды. Маалыматты Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Эламан Кочкорбаев ырастады.

Куткаруучулар бүгүн, 17-июлда саат 15:30дар чамасында Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясынын кесилишинде жаш баланын сөөгүн табышкан. Кочкорбаев маркумдун сөөгүн үй-бүлөсүнө берүү үчүн алып кетишкенин кошумчалады.

Аксыда 12-июлда кечинде нөшөрдөн улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү ошол эле күнү табылган. Эки жарым жаштагы кыздын сөөгү 14-июлда табылган. Селден каза болгон сегиз кишинин алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Алты маркумдун үй-бүлөсүнө 1 миллион 300 миң сом, ушул эле кырсыкта өмүрү кыйылган эки баланын жакындарына 150 миң сомдон берилди. Бул каражат президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүндү. (TB)

Алты өмүрдү кыйган каргаша
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG