Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

"Алтын пальма бутагын" "Титан" тасмасы утуп алды


"Алтын пальма бутагы" - Канн кинофестивалынын символу.
"Алтын пальма бутагы" - Канн кинофестивалынын символу.

Эл аралык Канн кинофестивалында эң улук байге - "Алтын пальма бутагын" франциялык кинорежиссер Жулия Дюкурно тарткан "Титан" аттуу боди-хоррор жанрындагы тасма утуп алды.

Жалпысынан сынакка 24 тасма катышкан. Калыстар тобун америкалык кинорежиссер, продюсер, сценарист жана актер Спайк Ли жетектеди.

Баш байгени (Гран при) Ирандын кинорежиссеру Асгар Фархади тарткан "Баатыр" (A Heros) тасмасы менен Финляндиянын "Номур алтынчы купе" (Hytti Nro 6 / Compartment No 6) тасмасы, режиссеру - Юхо Куосманена, бөлүп алышты.

Эң мыкты сценарий деп жапон киночулары Рюсукэ Хамагути менен Такамас Оэнин "Менин машинемди айда" ( Drive My Car) тасмасы таанылды.

"Мыкты режиссер" сыйлыгы "Аннетт" (Annette) тасмасы менен франциялык Леос Каракстин энчисине тийди.

Сынактын "Өзгөчө көз караш" программасынын башкы байгесине орусиялык режиссер Кира Коваленконун "Жазылган муштум" фильми ээ болсо, украиналык режиссер Сергей Лозництин "Бабий Яр. Контекст" эмгеги мыкты даректүү тасма деп табылып, "Алтын көз" сыйлыгын алды.

Кинодогу боди-хоррор жанры - адамзатка байланышкан оорунун кесепеттери, мутация, мителер тууралуу коркунучтуу болумуштар жөнүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG