Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Ош: ишкер милиция кызматкери өкүм зордук кылганын айтты


 Нурмухаммед Гуламов. Ош шаары, 22-июль, 2021-жыл.
Нурмухаммед Гуламов. Ош шаары, 22-июль, 2021-жыл.

Ошто ишкер Нурмухаммед Гуламов милициянын өкүм зордугунан жапа чеккенин айтып, 22-июлда маалымат жыйын курду.

Анын айтымында, ал өзүн милициянын баңгизаттарга каршы бөлүмүндө иштейм деп тааныштырган Нургазы Журтчуев аттуу кишиге жер саткан. Натыйжада 6 миң доллардын айынын чыр чыгып, бири-бирине кол көтөрүшкөн.

Ишкер алардын чатагы акыйкат тергелүүсүн талап кылып, президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Ал эми Нургазы Журтчуев ишкер Нурмухаммед Гуламов ага негизсиз доо коюп жатканын "Азаттыкка" билдирди. Журтчуевдин айтымында, алардын талашка жер соодасы себеп болуп, ишкерге эч кандай өкүмзордук, басым кылган эмес.

Учурда эки тараптын жазган арыздары териштирилүүдө. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG