Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Чүй: жол кырсыгынан алты киши мүрт кетти, дагы үчөөнүн абалы оор


Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунда болгон кырсык.
Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунда болгон кырсык.

22-июль күнү кечинде Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун Нур айылындагы бөлүгүндө “Хонда Степвагон” жана “Мицубиси Паджеро” үлгүсүндөгү машиналар кагылышып алты киши мүрт кетти. Чүй облустук милициясы төртөө кырсык болгон жерден үзүлгөнүн, экөө 23-июлда эртең менен аймактык ооруканада жан бергенин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жаракат алган дагы үч кишинин абалы оор экенин кабарлады.

Кыргызстанда кан жолдордо акыркы күндөрү автокырсыктар көбөйдү. 21-июлда эле Ысык-Көл облусунун Балыкчы - Ананьева - Каракол автожолунда авариядан беш киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алган.

10-июлда Ош облусунун Алай районунда жана Бишкек - Ош автоунаа жолунда болгон эки кырсыктан төрт адам өлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болду. 4000ден ашык адам жаракат алды. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG