Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Жарым жылда автокырсыктан 300дөн ашык адам каза болду


Бишкек-Ысык-Көл автожолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ысык-Көл автожолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2021-жылдын алгачкы алты айында 3400дөй жол кырсыгы катталып, андан 329 киши каза болду. Дагы 5000 адам жаракат алды.

Бул тууралуу 23-июлда “Биринчи радионун” эфиринде жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын штабынын жетекчиси Өткүрбек Умаров билдирди.

“Жол кырсыктарынын 84% айдоочулардын күнөөсүнөн болуп жатат. Алардын ичинен бир жыл тажрыйбасы бар айдоочулардын күнөөсүнөн болгон кырсыктар жыл сайын 500дөн ашат”.

Кыргызстанда кан жолдордо акыркы күндөрү автокырсыктар көбөйдү. 22-июль күнү кечинде Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда эки машина кагышып алты киши мүрт кетти. Эки адам ооруканада.

21-июлда Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда авариядан беш киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алган.

10-июлда да Ош облусунун Алай районунда жана Бишкек-Ош автоунаа жолунда болгон эки кырсыктан төрт адам өлгөн. Бул алты айдагы статистикага киргизилген эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG