Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Токтогулда суунун көлөмү 11,5 миллиард куб метрден ашты


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

“Электр станциялары” ишканасы учурда Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 630 миллион куб метр суу топтолгонун кабарлады. Суунун көлөмү ушул айдан тартып көбөйө баштаган.

Март айынын аягында Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Аталган суу сактагычка 19,5 миллиард куб метрге чейин суу батат.

2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келишет.

XS
SM
MD
LG