Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Июнь айында коронавирус менен ооругандар 2,4 эсеге көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине шилтеме берип быйыл июнь айында 22,6 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталганын билдирди. Алардын эң көбү Бишкекте - 10 миң 737 киши.

Калктын 100 миңине алганда вирус жуктургандар май айына салыштырмалуу 2,4 эсеге, апрель айына караганда 3 эсеге көбөйгөн. COVID-19 вирусунун 47% жакыны Бишкек шаарына, 18% чукулу Чүй облусуна туура келет.

Расмий маалымат боюнча, 23-июлга чейин Кыргызстанда 2 227 адам коронавирустан каза болду. Вирус жуккандардын жалпы саны 155 005 адамга жетти. Андан 132 138 бейтап айыкты.

Статком 21-июлда быйыл жыл башынан бери 16 миң адам пневмония болуп ооруганын, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 24,3% көп экенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG