Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

ЖК комитети Бейшеналиевди Швейцариядагы элчиликке жактырды


Алмазбек Бейшеналиев
Алмазбек Бейшеналиев

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыгайрым укуктуу элчиси кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырды.

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев өткөн айда Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган.

Бейшеналиев 40 жашта. Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган.

2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

2016-жылдан бери Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыгайрым укуктуу элчиси, БУУнун Женева шаарындагы кеңсеси жана эл аралык башка уюмдардагы өкүлү болуп Данияр Мукашев иштеп келген. (МТа)

XS
SM
MD
LG