Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Мамлекет Бабосюк менен бирге ишкана түздү


Антонина Бабосюк менен президент Садыр Жапаров “Кыргызалтын Ювелирпром” ишканасында.
Антонина Бабосюк менен президент Садыр Жапаров “Кыргызалтын Ювелирпром” ишканасында.

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында зер буюмдарды чыгарган “Кыргызалтын Ювелирпром” ишканасы түзүлдү. Анын ишмердүүлүгү менен таанышууга президент Садыр Жапаров барды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

Биргелешкен ишкана “Алтын” кыргыз зергерчилик заводунун базасында мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасынын катышуусу менен түзүлгөн.

Президент жаңы ишкананын жетекчилигинин алдына 2022-жылдын 1-январынан тарта, чийки затты экспортко кошумча нарксыз тазаланган куйма түрүндө чыгаруунун ордуна, Кыргызстанда иштетилген алтындын көлөмүн көбөйтүү милдетин койгон.

Ал өлкөнүн алтын казуу өнөр жайынын көлөмүн көбөйтүүнүн жана мындай ишмердүүлүктөн максималдуу киреше алуунун маанисин белгилеген.

Мамлекет өнөктөш болгон “Алтын” кыргыз зергерчилик заводу ишканасы Антонина Бабосюк жана күйөөсү Владимир Феньков жетектеген "Алтын" холдингине карайт. Анын Бишкек шаарында жана Орусияда “Алтын” аттуу зер дүкөндөрү бар.

Кыргызстан май айында “Кумтөр Голдго” үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Мындай сунушту парламентке алтын кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы узартылары айтылган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG