Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Кезек Кыргызстанда болгон жыйын Түркмөнстанда өтөт

Ашхабад
Ашхабад

Кыргызстанда өтүшү керек болгон Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин кеңешүү жыйыны 6-августта Түркмөнстанда өтөт. Бул тууралуу Өзбекстан менен Түркмөнстандын президенттеринин 24-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитин уюштурууну Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев сунуштап, алгачкы жолу 2018-жылы Казакстанда өткөн. 2019-жылы Ташкентте уюштурулган. Үчүнчү саммит 2020-жылы август айында Бишкекте өтүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга калтырылган.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы жыйын тууралуу кийинчерээк маалымат бериле турганын билдирди.

Өткөн жылы Кыргызстандагы октябрь окуяларынан кийин Түркмөнстан жыйынды Ашхабадда өткөрүүнү сунуштаганы белгилүү болгон. (МТа)

​
XS
SM
MD
LG