Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

БШК “Эмгек” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларына каршы арызды колдогон жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек шаардык кеңешине 11-июлда өткөн кайра шайлоого катышкан “Эмгек” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларын четтетүүгө, алардын талапкерлерин каттабай коюуга негиз жок деп эсептейт. Мындай чечим БШКнын 26-июлдагы отурумунда бир добуштан кабыл алынды.

Боршайком аталган эки партияга каршы арызданган “Социал-демократтар” жана “Ынтымак” партияларынын жүйөлөрү жетишсиз деген аймактык комиссиянын чечимин колдоду. Арыздарды карап чыккан жумуш тобунун “Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу тууралуу маалыматтар далилденген жок” деген бүтүмүнө макул болду.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өтүп, Бишкекте алты партия босого чектен өткөн. Алар - “Эмгек”, “Ата-Журт Кыргызстан, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Социал-демократтар” жана “Өнүгүү-Прогресс”.

Борбордук шайлоо комиссиясы аталган үч шаардагы кайра шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялай элек. (RK)

XS
SM
MD
LG