Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Косового бараткан автобус кулап, 10 адам көз жумду


Германиядан Косового бараткан автобус Хорватияда жол кырсыгына учурады. 25-июль, 2021-жыл.
Германиядан Косового бараткан автобус Хорватияда жол кырсыгына учурады. 25-июль, 2021-жыл.

Германиянын Франкфурт шаарынан Косового бараткан автобус Хорватиянын Славонски-Брод шаарына жеткенде жолдон чыгып кетип, аварияга учурады.

Жол кырсыгынан кеминде он адам каза таап, ондогон киши жаракат алганы кабарланды. Хорватия менен Косованын бийликтери аварияга учураган автобуста негизинен Германияда иштеп, жайкы эс алуу маалында үйлөрүнө кайтып бараткан косоволуктар болгонун белгилешти.

Жол кырсыгын алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча айдоочу уктап кетип, автобусту башкара албай калган. Ал кырсык болгон жерде кармалганы кабарланды.

Косовонун номери менен жүргөн бул автобус Германиянын Франкфурт шаарынан Приштинага каттап турган. Автобуста 67 жүргүнчү болгон. Алардын арасында жаш балдар дагы бар экени белгиленди. Автобустун эки айдоочусунун бири каза болгон.

44 адам жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Алардын ичинен 15 адамдын абалы оор экени айтылууда.

Косовонун өкмөтү премьер-министр Альбин Курти башка министрлер жана хорватиялык жогорку кызмат адамдары менен биргеликте ооруканадагы жарадарлардан кабар аларын жарыялады.

Косовонун президенти Вьоса Османи жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарын колдоп, жарадарлардан кабар алуу үчүн Олимп оюндары жүрүп жаткан Токидогу сапарын токтотуп, мекенине учуп баратканын билдирди.

Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович косоволуктарга көңүл айтып, жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG