Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Боршайком Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоону өттү деп тааныды


Боршайком имараты.
Боршайком имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоону өттү деп таанып, добуш берүү жыйынтыгын бекитти.

Боршайкомдун 26-июлдагы отурумунда кабыл алынган чечимге ылайык, 11-июлда 227 участкалык шайлоо комиссиясында өткөн добуш берүүгө 104 141 шайлоочу катышты.

Ат салышкан 18 саясий партиянын алтоо - «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Социал-демократтар» жети пайыздык чектен өттү.

Шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгекке», тогузу «Ата-Журт Кыргызстанга», сегизи «Ишенимге», жетөө «Ынтымакка», бешөө «Өнүгүү-Прогресске» жана дагы бешөө «Социал-демократтарга» тийди.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Ош жана Токмок боюнча БШКда расмий жыйынтык чыгарыла элек.

26-июлдагы отурумунда БШК Бишкектеги кайра шайлоого катышкан “Социал-демократтар” жана “Ынтымак” партияларынын “Эмгек” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларына каршы арыздарын колдогон жок. (RK)

XS
SM
MD
LG