Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Ватиканда көз боёмочулук боюнча биринчи жолу кардинал соттолот


Анжелло Беччу, Рим-католик чиркөөсүнүн кардиналы.
Анжелло Беччу, Рим-католик чиркөөсүнүн кардиналы.

Ватиканда Рим-католик чиркөөсүнүн кардиналы Анжело Беччунун үстүнөн соттук териштирүү башталууда. Кардинал Лондондон кыймылсыз мүлк сатып алуудагы каржылык көз боёмочулукка айыпталды.

Сот өткөрүү үчүн атайын жабдылган Ватикандагы музейлердин биринен тиешелүү жай ырасталды. Кардинал Беччудан сырткары сот жообуна дагы тогуз киши тартылууда. Алардын арасында кардиналдын мурдагы катчысы, Ватикандын финансалык маалымат кызматынын адистери, банкирлер жана финансисттер да бар. Алар ысырапкорчулукка, жемкордукка, арам акчаны адалдоого жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталууда.

Ватикандагы чет өлкөдөн кыймылсыз мүлк сатып алууга байланыштуу финансалык операция боюнча чыр 2019-жылы күзүндө чыккан. Анда ватикандык тергөөчүлөр мамлекеттик катчылык менен финансалык маалымат кызматынын документтерин текшерип, анда кардинал Беччу жана анын кызматкерлери бүткүл дүйнөдөгү католиктерден кайыры-садага жана зекет катары чогулган акчага Лондондон элиталык кыймылсыз мүлк сатып алганы иликтөөдө аныкталган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча буга чиркөөнүн 73 млндон 166 млн еврого чейинки акчасы коротулган.

Бул чыр-чатактын учурунда кардинал Беччу кызматын тапшырып берип, бирок ага коюлган айыптоолорду четке каккан.

Басылмалардын маалыматы боюнча Рим папасы Франциск бул чатактан кийин иликтөөнү улантууну чечкен. Кардинал Беччунун бул ишин Ватикан негизделгенден бери, адатта башка бир кардиналдын төрагалыгы менен өтчү кассациялык сот эмес, андан дагы катаал Ватикан трибуналы карай турган болду.

Жогорку дин кызматкерлери аралашкан финансалык көз боёмочулукка байланыштуу Ватикан тарыхта биринчи жолу чет өлкөлөрдөгү кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалыматтарды ачыктады. Анда католик чиркөөсүнө беш миңден ашуун объект ага карай турганы жана анын 4 миңге чукулу Италияда, калганы чет жерлерде жайгашканы белгилүү болду.

Бул тизмеге Ватикандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык миссияларынын имараттары кирбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG