Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Олимпиада-2020: спортчулардан коронавирус чыкты


 Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык Сэм Кендрикс.
Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык Сэм Кендрикс.

Олимпиадага катышып жаткан эки атлетчиден, анын ичинде таяк менен секирүү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык Сэм Кендрикстен коронавирус чыкты. Ошондой эле Аргентинанын атлетчиси Кьяравильо дагы «Инстаграмдагы» баракчасына коронавируска чалдыкканын, мындан улам таймаштарга катыша албастыгын жазды.

Австралиянын жеңил атлетика боюнча курама командасынын көпчүлүк мүчөлөрү убактылуу обочолонууга аргасыз болушту.

29-июлда Токиодогу оюндардын уюштууручулары 24 адамдан коронавирус табылганын, алардын үчөө спортчулар экенин билдиришти. Жапон бийлиги бул маалыматты ырастап, эки спортчу ооруканага жаткырылганын, 38 киши изоляцияда экенин кабарлады.

Токиодо 12-июлдан тартып төртүнчү ирет өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 29-июлда жапан баш калаасында 3800дөн көп адамдан вирус табылганы маалымдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG