Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

"Түндүк-Түштүк" жолу: Мариповдон маалымат алуу талабы айтылды


"Түндүк-Түштүк" автожолу. Архивдик сүрөт.
"Түндүк-Түштүк" автожолу. Архивдик сүрөт.

“Түндүк-Түштүк” альтернативдүү автожолунун курулушу боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы, Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Улукбек Мариповду чакыруу сунушу айтылды.

Бүгүн 29-июлда комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп, анда 2018-жылы аяктай турган иштердин жарымы да бүтө электиги, көз каранды эмес аудит өткөрүү керектиги, Эсеп палатасы жолдун курулушу үчүн алынган насыя акчага тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү жана Транспорт министрлигинде жемкорлук деңгээли жогору экени айтылды.

Эсеп палатасынын өкүлдөрү мекеме өз милдетин таза жана так аткарып келатканын, жолду долбоорлоо ишинде 35 миллион доллардай акча максатсыз пайдаланылганы 2016-жылы аныкталганын жана материалдар тийиштүү мекемелерге өткөрүлүп берилгенин билдиришти.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына караганда, жолду куруу иштери үч фазага бөлүнгөн. Биринчи фазасы тоннелдин курулушунда маселе жаралгандыктан кечеңдеп жатат, аны 2022-жылдын ноябрында аяктоо пландалууда. Экинчи фазасы келерки жылы бүтөт. Ал эми жыйынтыктоочу иштер 2023-2024-жылдары аяктайт.

2015-жылы башталган долбоордун наркы 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя экени, бүгүнкү күнгө карата анын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылды.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулуш иштерин Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Депутаттык комиссия «Ата-Мекен» фракциясынын сунушу менен быйыл июнь айында түзүлгөн. Анын курамында ар бир фракциядан экиден депутат бар.

Бүгүнкү жыйында комиссия депутаттар толук курамда катыша албагандыктан эч кандай чечим кабыл алган жок.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык «Түндүк-Түштүк» жолу Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон берки эң дымактуу долбоору катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт.

Өткөн аптада Жумгал районунун тургундары автожолдун абалына нааразылык билдирип, митингге чыгышкан.

Улукбек Марипов Эсеп палатасында жетекчи болуп 2016-жылдан тартып быйыл февраль айына чейин иштеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG